Ош ОИИБ: Өзгөндө табылган жансыз дене
2026-жылдын 8-август күнү айрым социалдык тармактарда “Кемпир-Абад суу сактагычында башы алынган адамдын сөөгү табылды”-деген аталышта маалымат тарай баштаган.
Бул факты боюнча Ош ОИИБи төмөндөгүлөрдү маалымадыйт:
2026-жылдын 7-авгут күнү Өзгөн районунун ички иштер бөлүмүнө Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинде белгисиз эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, дененин күн тийген тарабы күрөң түстө болуп, баш бөлүгү жансыз денеден болжол менен 600 метр аралыкта жаткандыгы аныкталган.
Күбөлөр суралып, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Белгилей кетсек, маркумдун башы денесинен кандай жагдайда ажырап калгандыгы экспертизанын корутундусунан кийин гана маалым болот. Алдын ала болжолдуу маалымат боюнча жансыз дене сууда бир канча убакыт жатып калган.
Ош ОИИБи такталбаган маалыматты таратуудан жана улут аралык кастыкты козуткан, же элди дүрбөлөңгө салган билдирүү калтыруудан карманууга чакырат жана мындай аракеттер жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
Учурда маркумдун өздүгүн жана анын өлүмүнүн себептерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Боюнунун узундугу: 160-165 см.
Кийген кийимдери: сыртында кара түстөгү спорттук жемпир, ичинде жашыл түстөгү фудболка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийими бар, кийимдери ылай болгон абалда.
Төмөндө маркумдун үстүндөгү кийимдеринин сүрөттөрүн жарыялайбыз.
Анын өздүгү боюнча кандайдыр бир маалымат болсо жакынкы милиция бөлүмүнө же +996 222 224 222, +996 776 612 525, +996 779 215 653 +996 772 214 224, же 102 кыска номуруна кабар берүүңүздөрдү суранабыз.
