Борбордук милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү кармалды
2025-жылдын 8-июнунда Свердлов райондук ИИБге Х.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында, курулуш компаниялардын биринин жетекчиси К.Ч. аттуу жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Алынган маалыматтар боюнча, шектүү К.Ч., А.Р. аттуу шектүү (учурда издөөдө жүргөн) менен алдын ала сүйлөшүп, жабырлануучу Х.А., менен мыйзамдуу делген үлүштүк курулуш келишимин түзүп, батир сатып өткөрүп берүү шылтоосу менен жабырлануучу Х.А.нын акча каражатарынын мыйзамсыз түрдө ээлеп алышкан. Келтирилген чыгымдын суммасы болжол менен 7,5 миллион сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча Свердлов райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-б. 3-п. жана 4-б. 1-п. (алдамчылык – алдамчылык же ишенимди кыянаттык менен пайдаланып, бөтөн мүлктү же мүлккө болгон укукту алуу, алдын ала сүйлөшүп, адамдар тобу тарабынан, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын КИБ кызматкерлери тарабынан 1988-жылы туулган К.Ч. аттуу шектүү жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоо жайына камакка алынган.
Азыркы учурда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата Бишкек шаарынын №1-Тергөө абагына 2 айга камакка алуу тууралуу баш коргоо чарасы каралган.
