Жыргалаң тоо-лыжа базасына жана «Ала-Тоо Резорт» кластерине баруучу жолдор оңдолот
15 август

Жыргалаң тоо-лыжа базасына жана «Ала-Тоо Резорт» кластерине баруучу жолдор оңдолот

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев бүгүн, 15-августта Жыргалаң тоо-лыжа базасына жана «Ала-Тоо Резорт» кластерине баруучу жолдордун курулуш иштеринин башталышына расмий түрдө старт берди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Аталган долбоордун алкагында Каракол – Энилчек, Ак-Булун – Токтогул, жана Каракол – Раздольный – Советский – Сырзавод автожол тилкелери толук реконструкцияланат.

Белгилей кетсек, эскилиги жеткен эки тилкелүү Каракол – Энилчек жана Ак-Булун – Токтогул авто жолдору 4 тилкелүү болуп, 2- категорияга кɵтɵрүлүп реконструкцияланат.

Ал эми Каракол – Раздольный – Советский – Сырзавод тилкеси учурда 4-категориядагы жол болсо, жаңылангандан кийин 3-категорияга көтөрүлөт.

Жол куруу иштери “China Construction Eighth Engineering Division Co., Ltd.” жана жергиликтүү ОсОО “Бай Таш Строй” компаниялары тарабынан жүргүзүлɵт.