www
12 июнь
Бишкектеги Элебесов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Бишкек шаарында «Дордой» базарынын аймагында жол инфраструктурасын реконструкциялоо долбоорунун экинчи этабы башталат.
Буга байланыштуу 2026-жылдын 16-июнунан тартып Элебесов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Чектөө жол инфраструктурасынын абалын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу киргизилет.
