ЖК комитети «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
11 февраль

ЖК комитети «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 11-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. 

Мыйзам долбоору боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди. 

Ал белгилегендей, бул мыйзам долбоору мурда жумушчу топтун мүчөлөрү тарабынан чакыртып алынып, жеткире иштелип чыккан жана макулдашылган вариант болуп саналат.

Мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жана кепилденген ар бир адамдын өз оюн эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине, маалыматты алууга жана жайылтууга болгон укугун ишке ашырууга, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга жана бул укуктарга байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салууга, ошондой эле көз карандысыз, жооптуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүгө өбөлгө боло турган жалпыга маалымдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. 

«Мыйзам долбоору жалпыга маалымдоо каражаттарын, анын ичинде ыктыярдуу катталган жалпыга маалымдоо каражаттарын жөнгө салууга багытталган. ЖМКны каттоо, кайра каттоо, каттоодон баш тартуу жана каттоодон бошотуу критерийлери каралган», – деп толуктады баяндамачы.

Талкуу учурунда депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун максатка ылайыктуулугу тууралуу сурады. Депутат Эльдар Абакиров мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын жеке турмушу тууралуу маалымат таратканы үчүн ЖМК өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу маселесин тактады.

«Мисалы, журналист кирешеси, кыймылсыз же кыймылдуу мүлкү бар экендиги тууралуу маалымат таратат. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелеби же жокпу», – деп сурады ал.

Буга юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жеке мүнөздөгү маалыматтарды таратуу сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык мыйзам бузуу болуп эсептелбейт деп жооп берди. Депутат Элбдар Абакиров сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун 5-беренесинде камтылган ченемдер боюнча экинчи окууда түшүндүрмө берүүнү суранды. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.