Ысык-Ата районунда темир жолдо КамАЗ менен поезд кагышкан
15 август

Ысык-Ата районунда темир жолдо КамАЗ менен поезд кагышкан

Алдын ала маалыматка ылайык, Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында (Красный Восток) темир жол өткөөлүндө жүктөлгөн прицептүү КамАЗ менен поезд кагышкан.

Маалыматка караганда, өткөөлдөн өтүп жаткан учурда прицеп темир жолдо калып, поезд келип урунган. Кагышуудан прицеп оодарылып, шагыл жолго төгүлгөн.

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери иштеп жатат. Локомотив жабыркап, күйүүчү май багы жарылып, жарылуу жана өрт чыккан.

Жабыркагандар жок.