Кыргызстанда эки жеке клиника онкологияны дарылоого уруксат алды
Кыргызстанда алгачкы жолу жеке медициналык уюмдар онкологиялык ооруларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча лицензия алышты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул Министрлер Кабинетинин № 678 токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде мүмкүн болду, ага ылайык жеке сектордогу лицензиялануучу кызматтардын тизмесине онкология, паллиативдик жардам, медициналык реабилитация жана абилитация кошулган.
