Көңүл буруңуздар! Айрым жол тилкелери оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
2025-жылдын 10-апрелинде Жаш Гвардия бульварынын Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылат. Ошентип, транспорт үчүн Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки тилкеси жабылат.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 12-апрелинде Медеров көчөсүнүн Байтик Баатыр көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү да унаа кыймылы үчүн жабылат. Натыйжада, 7-Апрель көчөсүнөн тартып Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү толугу менен жабылат.
Жол курулуш иштерине байланыштуу №195 автобус багыты убактылуу өзгөртүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңыздарды алдын-ала пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
