Кадамжайда мечиттерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
15 август

Кадамжайда мечиттерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кадамжай районунда “Көчө” жана “Кибер алдамчылык” алдын алуу багытындагы иш-чаранын алкагында мечиттерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан кабарлашты.

Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жума намазга чогулган жарандарга:

  • Ар кандай алдамчылык жана кибер кылмыштардын түрлөрү,
  • Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу,
  • Коомдогу терс көрүнүштөргө каршы аракеттер жөнүндө маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.