Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 100 миңден ашык көрүүчү келиши мүмкүн
президенттин администрациясы
1 сентябрь

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 100 миңден ашык көрүүчү келиши мүмкүн

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 100 миңден ашык көрүүчү жана турист келиши мүмкүн. Бул тууралуу ДКОнун Эл аралык катчылыгынын жетекчисинин орун басары Белек Үсүмбеков «Sputnik Кыргызстан» маалымат агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага келүүчүлөрдүн так санын алдын ала аныктоо мүмкүн эмес.

2018-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда акыркы жолу өткөрүлгөндө, расмий эмес маалыматтар боюнча этношаарчага жана башка аянтчаларга 50 миңден ашык адам келген.

Быйыл уюштуруучулар Оюндарга болгон кызыгуу кыйла жогору болорун күтүшүүдө.