Сокулук районунда 104 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду
19 сентябрь

Сокулук районунда 104 үй-бүлө үчүн социалдык шаарча курулду

Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак үйлөр курулуп берилди.

Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрда пайдаланууга берилди.

Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи бар. Мындан тышкары, шаарчанын ичинде мектептин курулушу да башталды.

Иш-чарага Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.А. Ташкулов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары С.Ж. Исманов, Жогорку Кеңештин депутаты В.А. Раимбачаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары А.К. Солтонбекова, араб өкүлдөрү жана социалдык шаарчанын тургундары катышты.