Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда 
15 август

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда 

Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта Лермонтов көчөсүнөн Калинин көчөсүнө чейинки бөлүгүндɵ бир тараптуу асфальт тɵшɵɵ иштери жүрүп жатат. Тактап айтканда, аталган жолдун 5+200 жана 7+200-чакырымдар аралыгында асфальт басылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун 5+200-9+050-чакырымдар аралыгын (3,8 км) капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып, долбоордо жолдун эки тарабынан тротуар, унаа токтотуучу жай, жарыктандыруу жана башка иштер каралган.

Эске салсак, буга чейин транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунда жүрүп жаткан оңдоо иштеринен кабар алып, жарандардан көптөгөн нааразы пикирлер келип түшкөнүн белгилөө менен асфальт басуу жумуштарын тездетүүнү тапшырган.