ӨКМ сел коркунучу тууралуу эскертти
Сүрөт ачык булактардан алынды
1 сентябрь

ӨКМ сел коркунучу тууралуу эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 

Синоптиктердин маалыматына таянсак, 2синен 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

Буга байланыштуу ӨКМ жарандарды сак болууга чакырды.