Араван районунда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда
Ош облусуна караштуу Араван районунда кызыл сызыктан чыгып кеткен объектилер буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага райондогу Достук айыл аймагынын адистери да катышып, “Ош 3000” көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыгып кеткен курулуштар аныкталган.
Объектилер жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштеринин алкагында буздурулууда.
