Кыргызстан Мозамбикти Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары көрөт
20 май

Кыргызстан Мозамбикти Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары көрөт

2026-жылдын 19-майында Мозамбик Республикасына болгон биринчи расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мозамбик Республикасынын Президенти Даниэл Франсишку Шапу менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-мозамбик мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүктүрүү келечегин талкуулап, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Африка континентиндеги мамлекеттер менен саясий диалогду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Мозамбик Кыргыз Республикасы үчүн Түштүк Африка аймагындагы келечектүү өнөктөш катары өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саясий диалогду мындан ары чыңдоого, соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.