Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында башкы автожолдун боюнда көрктөндүрүү иштери уланууда
Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштеринин алкагында башкы автожолдун боюнда көрктөндүрүү иштери уланууда.
Бул ирет ипподромдун маңдайындагы жашыл тилкеге 10 даана аттын декоративдик айкели орнотулду. Композиция шаарга өзгөчө көрк берип, Чолпон-Атанын туристтик жана маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган жаңы көркөм элементтердин бири болуп калды.
Буга чейин шаар боюнча, анын ичинде Бостери жана Бактуу-Долоноту аймактарында башкы автожолдун боюнда жалпысынан 22 даана декоративдик айкел орнотулган.
Көрктөндүрүү иштери «Гүлбакча» муниципалдык ишканасы тарабынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.
Бул долбоорлор шаардык чөйрөнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга, жашоочулар жана шаар коноктору үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле Чолпон-Атанын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.
