Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борбору капиталдык оңдоодон кийин ишин кайра баштады
23 июль

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борбору капиталдык оңдоодон кийин ишин кайра баштады

Бүгүн капиталдык оңдоодон өткөн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты кайра ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. 

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев борборго барып, жамаат менен жолугуп, жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын көрүп келди.

"Ар бир палата, коридор, инженердик система, имараттын кире бериши – бардыгы заманбап стандарттарга ылайык жаңыланып, азыр бул жайда бейтаптар үчүн да, медицина кызматкерлери үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлдү", – деп айтылат маалыматта.

Президенттин Иш башкармалыгынан кошумчалашкандай, Азербайжан мамлекетинин демилгеси менен дагы бир чоң салым кошулганы турат.

"Алгач бул долбоор Ысык-Көлдө курулат деп пландалган, бирок Кыргызстандын президентинин Азербайжанга болгон акыркы расмий сапарынан кийин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бул оорукана Бишкек шаарында курулмай болду", – деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта даярдыктар жүрүп жатат, толук жабдылган, заманбап оорукана болуп калары күтүлүүдө.