90% менен өтөм — президент Жапаров алдыдагы шайлоодо элдин колдоосуна ишенет
"Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем", - деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда.
Мамлекет башчысы мындан 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өтүп, президент болгондугун эске салды.
"Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам", - деди ал.
Мамлекет багчысы мындан ары парламенттик жана президенттик шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, президент бүгүн парламенттин мөөнөтүнөн мурда тарагандыгына боюнча элге кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды добуш сатпоого чакырды.
Эске салсак, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары 2025-жылдын 25-сентябрында мөөнөтүнөн мурда тарады.
Кийинки парламенттик шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Тиешелүү жарлыкка 30-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койду.
