Токмокто 13,9 млрд сомдук 76 долбоор ишке ашат
15 август

Токмокто 13,9 млрд сомдук 76 долбоор ишке ашат

Токмок шаарынын мэриясында кварталдык комитеттердин катышуусунда жыйын болуп, 2025–2030-жылдарга карата шаардын өнүгүү программасы талкууланды. Документ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтому жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27-беренесине ылайык иштелип чыккан.

Программага шаардык инфраструктураны жакшыртууга, тургундарды колдоого жана социалдык демилгелерди жүзөгө ашырууга багытталган 76 долбоор каралган, жалпы суммасы 13,9 млрд сомду түзөт. Кварталдык комитеттер өз сунуштарын киргизишти, алар программаны ишке ашыруу этаптарында эске алынат.