Депутат автоунаалардын терезесин тонировкалоонун мөөнөтүн кыскартууну сунуштады
Депутат Алишер Козуев Жогорку Кеңештин жыйынында автоунаалардын капталындагы терезелерин тонировкалоого берилген мөөнөттү кыскартуу зарылдыгын билдирди.
Ал бир жыл мурда автоунаалардын терезелерин тонировкалоого уруксат берилгенин жана бул мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында болгонун эске салды.
Бирок депутаттын айтымында, бардык жарандар тонировкалоо уруксат алуу үчүн дароо бир жылдык акыны төлөй алышпайт.
“Азыр көп жарандардан кайрылуулар келип, алар альтернативдик варианттарды да карап көрүүнү суранып жатышат. Жалпы жарандарга ыңгайлуу кылуу үчүн бир айга, үч айга жана алты айга уруксат берүү мөөнөттөрүн киргизсек кандай болот. Бул жарандар үчүн кошумча шарттарды түзмөк жана оң натыйжасын бермек”, – деди депутат.
