Депутат Кожомкулова мамлекеттик кызматтарга сынак аркылуу кабыл алууга каршы: мыктылар калып, компетентсиз кызматкерлер өтүүдө
Жогорку Кеңеш “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карады.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар үчүн билим деңгээлине карата талаптарды жеңилдетүү ж.б. жеңилдиктер каралган.
Юстиция министри Аяз Баетов мамлекеттик кызматкер болууну каалагандардан санариптик сабаттуулук талап кылынарын билдирди. Айтымында, учурда кагаз иштеринен баш тартуу аракеттери жүзөгө ашырылып, санариптештирүү жүрүп жатат, мындай маалда бардык иштер “Түндүк” ж.б. электрондук системалары аркылуу ишке ашат, демек, кызматкер бул жаатта сабаттуу болууга тийиш.
Ошондой эле, Баетовдун айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди сынак шартында кызматка алуу күчтөндүрүлөт. Башкача айтканда, азыр Жогорку Кеңеште жана президенттик администрацияда гана 100 пайыз сынак тартиби орнотулган. Ал эми министрликтерде үч кызмат гана сынак аркылуу берилет: министрдин кеңешчиси, жардамчысы жана маалымат катчысы.
“Мыйзам долбоорунда министрликтерди дагы сынак тартибине алып келип, алардын борбордук аппаратына 10 пайыз сынактык тартип киргизүү каралган. Бул практика башка өлкөлөрдө да бар, жумушка алуу бюрократиялык негизде болгон процедура бир гана бизде калды. Ошондуктан, 10 пайыз менен болсо да акырындап кадам ташташыбыз керек”, – деди министр.
Депутат Гуля Кожомкулова Кыргызстанды чет өлкөлөргө салыштырып, ага окшото бербей, жеке өзгөчөлүктү, менталитетти кароого чакырды.
“Калкыбыздын, маморгандардын санын эске алууга тийишпиз. Мамлекеттик кызматкерлердин укугун да эске алышыбыз керек. Аларды дайыма ар кандай сынактардан өткөрө беребиз, мамкызматкердин диплому, кайсы бир базасы, эмгек стажы, тажрыйбасы бар, а биз студенттердей кылып эле сынак артынан сынак тапшыртып жатабыз”, – деди Кожомкулова.
Депутат так ушундай сынактардын айынан мектеп директорлорунун ордуна мыкты педагогдор эмес, компетентсиз кызматкерлер келип жатканын белгиледи.
“Мектеп директорлугуна сынак менен дайындап баштадык эле, күчтүү педагогдор артта калды. Биз аларды кыйнадык. Системаны жок кылдык. Сынак деген жолдуулук болуп калышы мүмкүн. Татыктуу адам өтпөй, татыксыз адам өтүп кетчү жолдуулук, ар кимге эле жылмая бербеген ийгилик. Сынакты коюп эле, аңгемелешүү менен кызматка алышыбыз керек, ошондо кызматкердин деңгээли, билими айгине болот”, – деди депутат.
Баетов белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн 300дөн ашуун ички сынактарды жоет. Өлкө боюнча мындай кызматкерлер жумушка алынар алдында гана бир сынак тапшырат.
