Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнүн бир бөлүгүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат
2025-жылдын 23-24-июль күндөрү Кыргыз Республикасына Бүткүл Кытай Эл ѳкүлдѳр жыйынынын Төрагасы расмий иш сапары менен келгендигине байланыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнүн бир бөлүгүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Алар:
- «Манас» Эл Аралык Аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз.
Эскертүү: Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.
