Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ чукул жыйын өткөрдү
Өзгөчө кылдаалдар министрлигинде бүгүн, 30-сентябрда жакынкы күндөргө күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу чукул жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу кызматтардын, башкармалыктардын жетекчилери катышкан жыйында министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кырдаалдардын алдын алуу максатында, күч-каражаттарды күжүрмөн даярдыкта кармоонуу эскертти.
Жыйында адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоону, Төө-Ашуу ашуусунда унаа тыгынын болтурбоо, жылынуучу жайларды уюштуруу жана байланышты үзгүлтүксүз камсыздоо маселесин көтөрдү.
Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аймактык-шаардык башкармалыктардын жетекчилигине автобекеттерде алыскы жолго чыгуу эрежелерин жана жол коопсуздугун сактоону айдоочуларга эскертүү, түшүндүрүү тапшырмасын берди.
