Садыр Жапаров Ата-Түрктөгү үйлөр тууралуу: жашоочулар паркты оңдоп бере турган болду
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине берген маегинде мыйзамсыз курулуштарды бузуу жана ага байланыштуу маселелер боюнча айтып берди.
Мамлекет башчы өз сөзүндө 2021-жылга чейин үй салып алып жашап келген жарандардын үйлөрү мыйзамдаштырып бере тургандыгын айтты.
Президент "үйү снос" болуп жаткан жарандар талаада калбашы үчүн, МИКтен кезексиз үй бергиле деп мэрлерге айтып жаткандыгын баса белгиледи.
"Эч кандай кош стандарттуулук эмес. Ата-Түрк паркына да 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр "снос" болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 млн сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 млн сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат", - деди ал.
