Кыргызстанга YouTube'дун үчүнчү бриллиант баскычы берилди
23 июль

Кыргызстанга YouTube'дун үчүнчү бриллиант баскычы берилди

Lalafun каналы (Saratan Studio) YouTube'да расмий түрдө 10 миллион катталуучудан ашты жана абройлуу Diamond Play Button сыйлыгын алды. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынан билдиришти.

Ал эми DBillions балдар шоусу буга чейин 35 миллион катталуучуга ээ болуп, рекордду жаңылады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда Diamond Play баскычы бар үч гана канал бар - DBillions, Lalafun жана Argen Sigma. Ошол эле учурда эки сыйлык КР Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине таандык.