Бишкекте №14Т автобустук каттамы убактылуу өзгөртүлөт
30 сентябрь

Бишкекте №14Т автобустук каттамы убактылуу өзгөртүлөт

2025-жылдын 1-октябрынан тартып №14Т автобустук каттамдын кыймыл-чиймеси убактылуу өзгөртүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, бул чечим тургундардын кайрылуулары жана суранычтарынын негизинде кабыл алынды.

Буга чейин каттамдын акыркы аялдамасы Алыкулов көчөсүндө жайгашса, эми ал Фрунзе, Корсаков көчөлөрүнөн өтүп, Ата-Журт конушуна чейин жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Ошол эле учурда, жакынкы күндөрү №14Т каттамына жаңы электробустар киргизилгенден кийин анын акыркы аялдамасы кайрадан Алыкулов көчөсү болуп калаарын маалымдайбыз. Ал эми жаңыланган кыймыл-чиймеге башка каттамдар киргизилмекчи.