Оштун кире беришиндеги “Кыргыз көчү” дарбазасы жаңырды
Ош шаарына кире берген дарбаза жана анын айланасы түнкү көрк берүүчү бир канча чырактар менен жасалды.
Мэриядан кабарлашкандай, аны менен бирге атайын лазердик жарыктандыруу системалары орнотулду.
Күн мурун шаардын жаңыланган негизги кире бериш дарбазасындагы жасалган жумуштарды калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, мекеме-ишкана жетекчилери жана шаар тургундары көрүп, таанышып чыгышты.
Келген конокторго маданият кызматкерлери тарабынан маданий иш-чара уюштурулуп, майрамдык маанай тартууланды.
