Ошто милциянын Кырдаалдык борбору ачылды
7 октябрь

Ошто милциянын Кырдаалдык борбору ачылды

Ош облусунда 6-октябрда милиция кызматкерлерине тиешелүү кырдаалдык борбордун имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирет. 

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Жантаев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, милиция кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Улан Ниязбеков бул ачылып жаткан имараттар кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ишке берилип жатканын баса белгилеп, милиция кызматкерлерин, ардагерлерди келе жаткан майрамдары менен куттуктады.

Министр өз сөзүндө кырдаалдык борбор элдин коопсуздугун натыйжалуу сактаган борборго айланарына ишеним артты. 

Иш-чаранын соңунда, министр жана катышуучулар жаңы ачылган имараттарга кирип, милиция кызматкерлерине түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышып чыгышты.