Баткендиктер үчүн КТ-диагностика жеткиликтүү болду: Кызыл-Кыя шаарындагы ЖДПБга жаңы томограф орнотулду
Саламаттык сактоо министрлиги
12 июнь

Баткендиктер үчүн КТ-диагностика жеткиликтүү болду: Кызыл-Кыя шаарындагы ЖДПБга жаңы томограф орнотулду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борбору өз каражатынын эсебинен компьютердик томография аппаратын сатып алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин компьютердик томограф Кадамжай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборуна мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында орнотулган. Ал эми Кызыл-Кыя шаарындагы ЖДПБдагы КТ-аппараты областтагы мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунун өз каражатына сатып алынган мындай деңгээлдеги алгачкы жабдуу болуп саналат.

Жаңы жабдуунун пайдаланууга берилиши региондун калкы үчүн заманбап диагностикалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, ар түрдүү ооруларды өз убагында аныктоого мүмкүндүк берет.

Кызыл-Кыя шаарындагы ЖДПБда компьютердик томографиядан өтүүнүн баасы жеке менчик медициналык уюмдарга салыштырмалуу төмөн болот. Бул жогорку технологиялуу диагностиканы Баткен областынын тургундары үчүн дагы жеткиликтүү кылат.