Кыргызстанда кайсы азык-түлүктөр кымбаттап, эмнелер арзандады
15 август

Кыргызстанда кайсы азык-түлүктөр кымбаттап, эмнелер арзандады

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып бир катар азык-түлүктөргө болгон баа өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Назира Керималиева маалымат жыйынында билдирди. 

Айтымында, өлкөдө жаңы бышка картошка, мөмө-жемиш, өсүмдүк майына, каймак майга, кантка болгон баалар кымбаттаган. Бирок ошол эле мезгилге сүт, күрүч жана тоок жумурткасы арзандаган. 

“2024-жылдын декабрь айына салыштырмалуу бир катар азык-түлүктөргө болгон баа кымбаттаганы байкалат. Азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа Талас облусунда көбүрөөк кымбаттаган – 6,9 пайыз. Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү боюнча Ош шаары биринчи орунда. Азык-түлүк эмес товарларга баа Ысык-Көл облусунда өскөн”, – деди ал.