Токмок шаары үчүн эскиздик сунуш иштелип чыкты
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык башкармалыгынын алдындагы Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Токмок шаарынын кире беришин жана айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү боюнча эскиз иштелип чыгып, сунушталууда.
Бул сунуш шаарды эстетикалык жактан жакшыртуу, заманбап стандарттарга ылайык көрктөндүрүү жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.
