Кыргызстандагы жаңы турак жайлардын үчтөн биринен көбү Бишкекте курулган
28 июль

Кыргызстандагы жаңы турак жайлардын үчтөн биринен көбү Бишкекте курулган

2026-жылдын январь-июнь айларында Бишкек шаарында 311,7 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди. Бул Кыргызстан боюнча эксплуатацияга берилген турак үйлөрдүн жана батирлердин жалпы көлөмүнүн 37,2%ын түздү.

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу Бишкекте турак жай курулушунун көлөмү 13,2%га өстү.

Экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат. Анда 167,7 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилип, көрсөткүч 34,6%га көбөйдү.

Чүй облусунда 98,2 миң чарчы метр, ал эми Ош облусунда 89 миң чарчы метр турак жай пайдаланууга берилди.

Эң жогорку өсүш Жалал-Абад облусунда, ошондой эле турак жай пайдаланууга берүү көлөмү 30,7%га көбөйгөн Баткен облусунда катталды.

Ал эми Талас облусунда көрсөткүч 24,8%га, Ысык-Көл облусунда 24,4%га, Ош шаарында 24,2%га төмөндөгөн.

Бишкек шаары, Жалал-Абад, Чүй жана Ош облустарынын үлүшүнө өлкөдө пайдаланууга берилген жаңы турак жайдын жалпы көлөмүнүн 79,5%ы туура келди.

Маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитети жарыялады.