31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Каракол шаарында майрамдык иш-чара өткөрүлдү
1 сентябрь

31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Каракол шаарында майрамдык иш-чара өткөрүлдү

Иш-чара учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылып жаткан милиция кызматкерлерине ата-энелер тарабынан балдарынын дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана уюшкан аракеттеринин натыйжасында 35 бала табылып, ата-энелерине аман-эсен өткөрүлүп берилди.

Милиция кызматкерлери майрамдык иш-чаралар учурунда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоо боюнча кызматын улантууда.