Жалал-Абадда жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды
Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери эрте никеге турган 69 учур катталды. Бул тууралуу үй-бүлөлүк зомбулук жана эрте никеге туруу маселелери талкууланган жыйындан айтылды.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жыйынга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын жетекчилеринин орун басарлары, билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары, дин өкүлдөрү, башка район, шаарлардын тийиштүү кызматкерлери онлайн тартипте катышты.
Жыйындын күн тартибинде Жалал-Абад облусунун прокуратурасынын 2025-жылдын 4-июнундагы “Ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” сунуштамасы каралып, облустагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана эрте никеге туруу маселелерине байланышкан иштердин абалы талкууланды.
Облус аймагында эрте никеге туруу боюнча катталган 69 учурга байланыштуу бир катар жетекчилерге суроолор берилди. Аталган көрүнүштүн алдын алуу боюнча аткарылган иштердин натыйжалуулугу жана кетирилген кемчиликтер талданып, тиешелүү мекемелердин жоопкерчилиги белгиленди. Мында 2025-жылдын 5 ай аралыгында Жалал-Абад жана Майлуу-Суу шаарында былтыркы жылга салыштырмалуу үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткүчү жогорулаганы айтылды.
Облус башчысынын орун басары Урматбек Самаев, жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча аймактык жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берип, кетирилген кемчиликтерди жоюу, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү тапшырмасы коюлду. Жетекчилерге бул маселелерди жеке көзөмөлүнө алуу милдеттендирилди.
