Казак жана азербайжан тилдери ChatGPT платформасында колдонулушу эң тез өсүп жаткан тилдердин катарына кирди
Казак жана азербайжан тилдери ChatGPT платформасында колдонулушу эң тез өсүп жаткан тилдердин катарына кирди. Бул тууралуу OpenAI компаниясынын каржы директору Сара Фрайар All-In with Chamath, Jason, Sacks & Friedberg подкастында билдирди.
Анын айтымында, OpenAI компаниясынын экономикалык изилдөөлөр тобу ChatGPT колдонулушунун эң чоң өсүшү Африка өлкөлөрүндө байкалганын аныктаган. Ал эми тилдер боюнча өсүү темпи эң жогору болгон тилдер катары казак жана азербайжан тилдери белгиленген.
Талкуунун жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүндө жасалма интеллектти колдонуу деңгээли ар кандай экени да белгиленди. ChatGPT'ни калктын санына салыштырмалуу колдонуу көрсөткүчү боюнча Казакстан дүйнөдө 30-орунда, Кыргызстан 52-орунда, ал эми Өзбекстан 58-орунда турат.
Компаниянын маалыматына ылайык, ChatGPT'нин жумалык активдүү колдонуучуларынын саны 900 миллиондон ашты. Бир жыл ичинде сервистин аудиториясы эки эседен көбүрөөк өстү: 2025-жылдын февраль айында бул көрсөткүч жумасына болжол менен 400 миллион колдонуучуну түзгөн.
Мындан тышкары, акы төлөнүүчү жазылуучулардын саны 50 миллиондон ашты. OpenAI маалымдагандай, колдонуучулардын басымдуу бөлүгү чат-ботту күнүмдүк иштерде — маалымат издөөдө, сунуштарды алууда жана текст жазууда колдонушат.
