Садыр Жапаров Илон Шор тууралуу: Ким болбосун экономикалык жактан кызматташууга даярбыз
Россияга кирген санкциялык товарларды Кыргызстан тараптан кыйгап өткөн бир дагы факт жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Эске салсак, батыш басылмаларында Кыргызстан Россияга кирген санкциялары кыйгап өтүүгө жардам берип жатканы жөнүндө макалалар жарыяланган жана бул гуманитардык долбоорлорго басым жасаган “Евразия” фондунун түптөөчүсү, молдовалык саясатчы Илон Шорго байланыштырылган.
“Эгерде ошондой фактылар болсо, бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Россияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Россия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет.
Экинчиден, биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок”, – деди мамлекет башчы.
Ал Кыргызстанда көп тармактуу саясат жүргүзүлүп жатканын, ким менен болбосун кызматташууга даяр экенин белгиледи.
“Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп бир кесебиз”, – деп кошумчалады Садыр Жапаров.
