Биометрикалык текшерүүдөн кийин 70 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Россияга киргизилген эмес
Биометрикалык персоналдык маалыматтарды чогултуу боюнча эксперимент башталгандан бери 70 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Орусиянын чек ара өткөрмө пункттарынан өткөрүлгөн эмес. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдирди.
Жалпысынан система ишке киргенден бери өлкөгө кирүү үчүн 14 миллионго жакын адам биометрикалык маалыматтарын тапшырган.
Эксперимент 2024-жылдын 1-декабрынан тарта иштеп жатат. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө чет өлкөлүк жарандар эки параметр — сүрөтү жана манжа издери аркылуу аныкталат. Биометрикалык маалыматтар түздөн-түз өткөрмө пункттарында тапшырылат.
Россиянын ИИМи белгилегендей, система биометрикалык маалыматтарды чогултуу менен гана чектелбестен, өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандан кийин Россиядан чыгып кеткен, жеке маалыматтарын өзгөрткөн жана кайрадан өлкөгө кирүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жарандарды аныктоого да мүмкүндүк берет.
Алгач эксперимент Москванын Шереметьево, Домодедово жана Жуковский аэропортторунда, ошондой эле Оренбург облусундагы Маштаково автотранспорттук өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн.
2025-жылдын 1-майынан тарта системага Внуково аэропорту кошулган.
2026-жылдын июнь айында дагы 11 өткөрмө пункт биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жабдуулар менен камсыздалган. Алар Санкт-Петербург, Новосибирск, Красноярск жана Екатеринбург шаарларында, ошондой эле Алтай крайында, Иркутск, Курган, Новосибирск, Саратов, Оренбург жана Омск облустарында жайгашкан.
