"Кыргызстан аэропорттору" ААКсы өрт өчүрүүчү унаалардын паркын жаңыртты
11 июль

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсы өрт өчүрүүчү унаалардын паркын жаңыртты

"Кыргызстан аэропорттору" ААК авиациялык инфраструктураны модернизациялоо боюнча программаны ишке ашырууну улантууда.

Техникалык паркты жаңыртуунун алкагында:

  • 3 Mercedes-Benz үлгүсүндө,
  • 6 КамАЗ, жалпы 9
  • заманбап аэродромдук өрт өчүрүүчү автоунаа сатып алынды.

Техникалар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

  • 3 техника — "Манас" эл аралык аэропортуна,
  • 4 техника — "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын Ош филиалына,
  • "Каракол" жана "Ысык-Көл" эл аралык аэропортторуна бирден техника берилет.

Жаңы автоунаалар аэропорттордогу өзгөчө кырдаалдарда чара көрүү боюнча эл аралык стандарттарга толук жооп берет.