Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу асфальтталууда 
14 май

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолу асфальтталууда 

Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №3 Жол тейлөө мекемеси тарабынан 2-3,3-чакырымдар аралыгында эски асфальт катмары сыйрылып, жолдун негизги даярдалды.

Азыркы тапта жаңы асфальт төшөө жумуштары башталды.

Ишке заманбап жол куруу техникасы – асфальт төшөгүч, катмар тыгыздоочу катоктор жана ташуучу унаалар тартылган.

Ишкананын адистери тарабынан асфальт катмарынын тыгыздыгы жана тегиздиги тыкыр көзөмөлдөнүп, жолдун сапаты мамлекеттик стандарттарга толук жооп берет.