Ош: Ак-Тилекте төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө курулуп пайдаланууга берилди
18 июнь

Ош: Ак-Тилекте төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө курулуп пайдаланууга берилди

Ак-Тилекте төрт көчө асфальтталып, үч көпүрө курулуп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты. 

Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кышкы рейддик кыдыруу учурунда Ак-Тилек кичи районундагы №5-10-11-көчөлөрүндө болуп жашоочулардын сураныч, сунуштарын уккан. Анын негизинде аталган үч көчөнү жана Улан Жороев көчөсүн толук капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүп, жолго толук асфальт төшөп, оңдоо тапшырмасын берген.

Берилген тапшырма аткарылып, бүгүн төрт көчөгө асфальт басылып, пайдаланууга берилди. Аны менен бирге Ак-Тилек кичи району менен Достук кичи районунун байланыштырган үч көчөнүн башына көпүрө курулуп бүттү. Алардын да кызыл тасмасы кесилип, аксакалдар ыраазычылыктарын билдирип, ак баталарын беришти. Мурда эки район жашоочулары көпүрөнүн жоктугунан улам айланып, жол жүрүүгө аргасыз болушкан. Көпүрөлөрдүн курулушу менен жашоочуларга бир топ жеңилдиктер пайда болду.

Ачылыш аземинен соң шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар жана мекеме ишкана жетекчилери катышып, жасалган жумуштар менен таанышып, жеринен көрүп чыгышты.

Эске салсак, жолдун эки тарабына ирригациялык лотоктор орнотулуп, жашыл аймак каралып, тротуар курулган.