Кайсы өлкөдө көбүрөөк эс алышат: Кыргызстанда 32 күн, Иранда 53, Микронезияда 9 күн
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
21 август

Кайсы өлкөдө көбүрөөк эс алышат: Кыргызстанда 32 күн, Иранда 53, Микронезияда 9 күн

Иран акы төлөнүүчү эс алуу күндөрүнүн саны боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул өлкөдө кызматкерлерге жылына жалпысынан 53 күн акы төлөнүүчү эс алуу берилет. Кыргызстан 32 күн менен дүйнөлүк тизмеде болжол менен ортолук орунда турат. Бул тууралуу Resume.io компаниясынын изилдөөсүндө айтылат.

Ирандагы 53 күндүн 26 күнү акы төлөнүүчү жылдык эмгек өргүүсүнө, 27 күнү мамлекеттик майрамдарга туура келет.

Экинчи орунда Сан-Марино 46 күн менен, үчүнчү орунда Йемен 45 күн менен турат. Ал эми Андорра, Бахрейн жана Бутанда 44 күндөн эсептелген.

Кыргызстанда изилдөөгө ылайык, жылдык минималдуу акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү 20 күндү түзөт. Мындан тышкары, 12 күн мамлекеттик майрамдарга туура келет. Жалпысынан — 32 күн.

Ушундай эле көрсөткүч Арменияда, Чехияда, Италияда, Кенияда, Түндүк Македонияда, Намибияда жана Уругвайда да катталган.

Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан Германиядан (29 күн), Улуу Британиядан (28 күн), Австралиядан (27 күн), Япониядан (26 күн) жана Кытайдан (16 күн) алдыда турат.

Изилдөөдө эң төмөнкү көрсөткүч Микронезияда катталган — 9 күн. АКШ менен Науруда 10 күндөн.

АКШнын өзгөчөлүгү — федералдык мыйзамдарда жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүнүн милдеттүү минималдуу мөөнөтү белгиленген эмес. Ошондуктан изилдөөдө бул өлкө үчүн эмгек өргүүсүнүн көрсөткүчү нөлгө барабар деп алынган. Ал эми 10 күн мамлекеттик майрамдарга туура келет.

Изилдөөдө 197 өлкөнүн мыйзамдары камтылган. Авторлор минималдуу акы төлөнүүчү эмгек өргүүсүн жана акы төлөнүүчү мамлекеттик майрамдарды эске алып, көрсөткүчтөрдү беш күндүк жумуш жумасына ылайыкташтырган.