Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
26 май

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР  УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт. 

Билдирүүгө ылайык, бекеттер Кытай тараптын демилгеси Ажыдаар кайык фестивалы белгиленгендигине байланыштуу 2025-жылдын 31-майында жабык болот.

Бул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүү 2025-жылдын 1-июнунда жанданат.