www
15 апрель
Улан Маматканов Минкаб төрагасынын орун басарынын м.а. болуп дайындалды
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Маматканов Улан Эркиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Эдил Байсалов аркалап келген. Ал жакында эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси болду.
