Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы соцобъектилердин курулушу менен таанышты
30 январь

Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы соцобъектилердин курулушу менен таанышты

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев бүгүн Жалал-Абад шаарындагы бир катар социалдык объектилерди текшерди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, облус башчысы төмөнкү объекттерди текшерди:

  • Эркиндик көчөсүндө жайгашкан №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты,
  • 100 орундуу облустук перинаталдык борбор,
  • №14 Сатыбалды Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин кошумча 700 орундуу имаратынын курулуш иштери менен таанышты.

Облус башчысы аталган объектилердеги жумуш ыргагын жеринен көрүп, курулуштун сапатын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкүл социалдык мекемелерди 2025-жылдын 31-августуна чейин бүткөрүү зарылдыгын айтып, жергиликтүү бийлик жана куруучу компания жетекчилерине сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.