
Аламүдүн РИИБнин жетекчилиги көчмө кабылдамасы менен Гроздь жана Октябрь айылдарында иш-чара өткөрүштү
2025-жылдын 14-май күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, милициянын подполковниги Самат Орозбаевдин жетекчилигинде, Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте, Гроздь жана Октябрь айылдарында милициянын көчмө кабылдамасы менен иш-чара өткөрдү.
Гроздь айылында жайгашкан “Ансар” социалдык шаарчасында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өтүп, анын алкагында актуалдуу маселелер талкууланып, жеринде укуктук консультациялар берилди. Ошондой эле жергиликтүү мектептерде алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Милиция көчмө кабылдамасы - бул жарандарды кабыл алуу, укуктук жардам көрсөтүү жана алыскы калктуу конуштарда алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын жабдылган унаалар.
Мындай иш-чаралардын негизги максаты - коомдук коопсуздукту жогорулатуу жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин бекемдөө. Практика бул иш-чаралардын укук бузуулардын алдын алууда жогорку натыйжалуулугун көрсөтүүдө.