Оштогу Навои көчөсүнүн жолу кеңейтилет
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 22-февралда А. Навои жана Г. Айтиев көчөлөрүн кыдырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаар башчысы жеринде тиешелүү кызмат жетекчилерине аталган көчөлөрдүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо менен бирге, жаңы дизайн кодун иштеп чыгууну, жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
