«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы Курманкул Зулушев тааныштырды.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын колдонуудагы системасын ирээтке келтирүүгө, мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу маселелерин жөнгө салуу жаатындагы укуктук ченемдерди актуалдаштырууга жана өркүндөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында мамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын кадыр-баркын, коомдук маанисин жана аброюн жогорулатууга багытталган.
Эл өкүлдөрү ошондой эле «Атаандаштык жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Аталган мыйзам долбоору атаандаштык чөйрөсүн бекемдөө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын монополияга каршы жөнгө салуунун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу) долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору дагы биринчи окууда колдоо тапты.
