Жалал-Абадда жаңы административдик имарат курулууда
Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө жаңы административдик имарат курулууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратынын курулуш иштери менен таанышты.
Азыркы учурда имарттын чатырын жабуу иштерине даярдыктар көрүлүп, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылууда. Мындан сырткары айлана-чөйрөнү жашылдандыруу аракеттери көрүлүп жатат.
Жаңы административдик мекеме жети гектардан ашуун жер аянтын ээлейт. Анда кичи жана чоң жыйындарды өткөрүүчү залдар, ЭКСПО борборлору камтылат. Мындан сырткары имараттын алдына борбордук аянт жана эс алуу аллеялары курулат. Жумуштарды ушул жылдын август айында бүткөрүү пландалган.
Облус башчысынын биринчи орун басары Нурлан Эрматов, бир катар тапшырмалырды берип, курулушту сапаттуу бүткөрүү зарылдыгын эскертти.
