Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү
22 февраль

Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү

Кара-Суу районунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүнүн үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү, деп кабарлайт УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-февралында КР УКМК менен Ош ОИИБ тарабынан диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү алкагында, ошондой эле козголгон кылмыш иши боюнча тыюу салынган

«Хизб ут-Тахрир» радикалдык экстремисттик уюмунун 6 активдүү мүчөсү жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында "Хизбут -Тахрир" радикал-экстремисттик агымынын "Аль-Вайи" деп аталган 4 китеби, "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун 4 баракчасы, 2 бычак, 55 түрдүү диний адабияттар, 12 уюлдук телефон жана 1 ноутбук алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.