АКШдан 319 кыргызстандык депортацияланат
30 январь

АКШдан 319 кыргызстандык депортацияланат

АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы (ICE) жарандары АКШда мыйзамсыз жүргөн жана депортацияланууга тийиш болгон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Документтер айтылгандай, 2024-жылдын 24-ноябрына карата ICE тизмесинде депортацияланууга тийиш болгон 1,4 млн. адам бар.

Алардын арасында:

  • Казакстан – 369 жаран,
  • Кыргызстан – 319 жаран,
  • Тажикстан – 149 жаран,
  • Түркмөнстан – 40 жаран,
  • Өзбекстан – 975 жаран.

Ошондой эле тизмеде Афганистандын 1708, Пакистандын 7760, Бангладештин 4837, Азербайжандын 709, Армениянын 2808, Түркиянын 3103, Россиянын 3518, Украинанын 1862, Түштүк Кореянын 837, Германиянын 571 жана Кытайдын 37 908 жараны депортацияга туш болгондугу көрсөтүлгөн.